Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте эл аралык баңгилик синдикатты бөгөттөө боюнча атайын операция өткөрүлдү

ИИМ: Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте эл аралык баңгилик синдикатты бөгөттөө боюнча атайын операция өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Борбордук Азия мамлекеттерине синтетикалык баңгизаттарды жашыруун өндүрүүгө жана алардын контрабандасына адистештирилген эл аралык баңгилик синдикаттын ишмердүүлүгүн бейтарапташтыруу боюнча атайын операция жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 5-июнь күнү Бишкек шаарынын аймагынан өлкөбүзгө психотроптук заттарды даярдоо, таңгактоо жана аларды таркатуу менен алектенүүчү, Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган, туруктуу баңгилик топ кармалган.

Whatsapp image 2022 07 07 at 14. 31. 52 казакстандын улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте эл аралык баңгилик синдикатты бөгөттөө боюнча атайын операция өткөрүлдү


Шектүүлөрдүн унаасына тинтүү жүргүзүү учурунда арткы отургучтан “Альфа PVP” психотроптук заттар болгон 4 бөтөлкө салынган кара полимер баштыгы табылып алынган.

Whatsapp image 2022 07 07 at 14. 31. 53 1 казакстандын улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте эл аралык баңгилик синдикатты бөгөттөө боюнча атайын операция өткөрүлдү


Андан аркы тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө лаборатория аныкталып, ал жактан сатууга даярдалган 18 психотроптук зат менен баштык, таңгактоочү каражаттар, ошондой эле жашыруучу жайларды аныктоого буюмдар табылган.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы операциянын алкагында баңгилик синдикаттын 4 катышуучусу кармалып, баңгилик лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. (2001-ж.т. С.А. жараны (топтун уюштуруучусу), 2002-ж.т. А.А. жараны (таңгактоочу, кладмен), 2002-ж.т. Б.Э. жараны (таңгактоочу, кладмен). 2003-ж.т. К.Ж. жараны).
Атайын операциянын аяктоочу этабы Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорскидеги жана Шымкенттеги бир учурдагы 3 аймактык бангилик курьерлерди кармоо болгон.

Whatsapp image 2022 07 07 at 14. 31. 54 казакстандын улуттук коопсуздук кызматы менен биргеликте эл аралык баңгилик синдикатты бөгөттөө боюнча атайын операция өткөрүлдү


Кыргыз Республикасында алынган заттардын жалпы салмагы 3 кг ашуун салмакты түзгөн.
Ошону менен бирге белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагындагы синтетикалык баңгизаттарды сатуудагы болжолдуу киреше 13 млн 950 миң сомду түзмөк.

YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы