Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине коррупцияга каршы даярдоонун психологиялык негиздерин киргизүү боюнча тренинг болду

ИИМ: Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине коррупцияга каршы даярдоонун психологиялык негиздерин киргизүү боюнча тренинг болуп өттү

2022-жылдын 6-7-июль күндөрү Бишкек шаарында ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коррупцияга каршы даярдоонун психологиялык негиздерин киргизүү» темасында тренинг өткөрүлдү.
Тренинг жаш милиция кызматкерлерин коррупциялык тобокелдик аймактарында жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү, коррупциянын көрүнүштөрүн натыйжалуу токтотууга жана коррупциялык азгырыктарга жеке туруктуулукту калыптандырууга мүмкүндүк берүүчү социалдык-психологиялык мүнөздөгү комплекстүү чараларды иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү.


Социалдык-психологиялык тренингдерди өткөрүү коррупциянын алдын алуу боюнча ишти уюштурууга бирдиктүү мамилени аныктоо, коррупцияга каршы аракеттенүү жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын мыйзамдуулугун бузууга туруктуулукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу механизмдердин бири болуп саналат, себеби атайын психологиялык билимдер менен бекемделген милиция кызматкерлеринин иш-аракеттеринен жана ыкмаларынан алар кабыл алган чечимдердин мыйзамдуулугу жана сапаты түздөн-түз көз каранды.


Тренингде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча кеңешчиси Абдумалик Мамыров Ички иштер министрлиги өнөктөштөр менен мындан ары кызматташууга жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Аталган тренингге, тренерлер катары эксперт-аналитик А.Мусаева, эксперт-психолог Ч.Осмоналиева, эксперт-профайлер А.Камчыбеков, ошондой эле, укук коргоо органдары менен иштөө боюнча эксперт Д.Парпиева болушту.
Эки күндүк окутуунун жүрүшүндө коррупциялык тобокелдик учурда жүрүм-турум алгоритмин түзүү жана жалган көрсөткүчтөрдүн ыкчам психодиагностикасын өздөштүрүү боюнча маселелер каралды, алардын негизинде жүрүм-турум профайлинг технологияларын өздөштүрүү жана коррупцияга каршы жүрүм-турумдун туруктуу ченемдерин калыптандырууга багытталды.

WhatsApp Image 2022 07 07 at 16.53.29 Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине коррупцияга каршы даярдоонун психологиялык негиздерин киргизүү боюнча тренинг болду

ИИМдин Басма сөз кызматы