Экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн аял кармалды

Социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн аял кармалды
Баткен ОИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасыда социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн аял кармалды. Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы С.К. (аял киши) аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” -Ирак, Шам ислам мамлекети (Игил) диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.


Жогорудагы аталган диний уюмдар Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылы террордук жана экстремистик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.


Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы