Видеотасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат, – Байсалов

Саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагынын ичиндеги тасмаларды көрүп чыкты. Бул тууралуу бул комиссиянын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттыкка» билдирди.

Байсалов бул иш боюнча дагы эки жумадай иш жүрөрүн, каза болгондордун комиссияга кирген жакындары да байкоочу тасмаларды көрүшкөнүн кабарлады.

“Биз эки өлүм боюнча маркумдардын жанында акыркы чогуу болгондор менен сүйлөштүк жана тасмаларды көрдүк. Азырынча комиссиянын толук жыйынтыгы чыга элек.

Медициналык экспертизанын да жыйынтыгын күтөбүз. Бизден тышкары бул иш боюнча тергөө өз алдынча жүрүп жатат. Азырынча биз көргөн тасмада Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы көрүнүп турат. Бирок мен комиссиянын жыйынтыгына чейинки эле көргөнүмдү айттым”, — деди Байсалов.