Жусупбек Коргонбай уулу орусча сөз сүйлөп, жыйынга келгендерди күлдүрдү

Жогорку Кенештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жалпы жыйын учурунда сөз сүйлөп, казинолор арам акчаны адалдоонун булагына айланып калбайбы деп суроо салды.

«Байлар Лас-Вегас, Макао жана Кипрге барышат. Алар казино үчүн Кыргызстанга келет деп ойлоп жатасызбы?», — деди эл өкүлү.

Акылбек Жапаров депутатын суроосуна жооп берип, муну башка мамлекеттердин казинолорунда чет элдиктер жасаса болорун, бирок бул жерде жок экенин кошумчалады.

Ошол эле учурда мыйзамдын киргизилиши менен бардык көмүскө казинолор жабылып, кумар оюндарын ойноочу жайларды өзү да, УКМК башчысы да, Ички иштер министрлиги да коргобой турганын белгиледи.

«Буга чейин аларды Ички иштер министрлиги коргоп келген», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Коргонбай уулу кыргызстандыктарды казиного киргизбөө үчүн министрлер кабинети бардык чараларды көрүшү керектигин айтты.

«Ачарын ачып алып анан, жергиликтүүлөрдү арткы эшик аркылуу өткөрө турган болуп калбашы үчүн көзөмөл кылуу керек», — деди депутат.