Коргонбай уулу: Зиядин Жамалдинов Абшыр-Атага караштуу токой чарба жерин бир тууган агасына каттатып берген

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов 2021-жылы Абшыр-Атага караштуу токой чарба жерин бир тууган агасы Арапбай Жамалдиновго каттатып берген, – деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек
Коргонбай уулу.
Анын айтымында, Зиядин Жамалдинов Кулатов айыл өкмөтүнүн 14/3 токтому менен 181 гектар жерди дагы бир тууганына каттаткан.
«Менин колумда Мамлекеттик каттоо кызматынан келген кагаздар турат. Бир күн да ишкерлик менен алектенбей, ушунча жер, ушунча мүлккө ээлик кылган президенттин өкүлүнө уят. Жерлерин окуп отурбайын, УКМК менен прокуратура текшерип чыгышсын. Мен талап кылам. Ысык-Көлдөгү пансионаттарын жана башка мүлктөрүн айта элекмин.
Андан тышкары, өзүнүн ыйгарым укуктарына таянып, ар бир район, айыл өкмөт, мектеп, керек болсо, райондук билим берүү бөлүмдөрүндөгү кадр маселелерине чейин кийлигишкени туура эмес», – деген депутат президентке кайрылды.
«Ушуга окшогон кадрлар артка тартып жатат. Инвестор келсе, дайыма бут тосуу менен алек», – деди Жусупбек Коргонбай уулу.