Кумарканалардын кайра ачылышына каршы болгон жарандар акцияга чыкты

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кумарканалардын кайра ачылышына каршы болгон жарандар акцияга чыкты. Топтолгон 20 чакты адам депутаттардан мыйзам долбоорун кабыл албоону талап кылып жатат. Азырынча аларга парламенттин өкүлдөрү чыгып жолуга элек.

Парламенттин тармактык комитети 20-июнда кумарканаларды кайра ачуу мыйзам долбоорун жабык карап, дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Өткөн аптада аталган комитет чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам бул долбоорун караган эмес. Анда депутаттар талкуунун түз эфирде көрсөтүлүшүн жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышкан.

Парламент өткөн айда бул долбоорду биринчи окууда колдогон.

Президент Садыр Жапаров менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров журналисттерге курган маектеринде документти колдошорун билдиришкен.

Президент Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө бир катар нааразылыктардан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон.