Камчыбек Ташиев: “Ыймандуу” айрым депутаттарды билемин, кандай иштерди аткарып жүргөнүңөрдү

Жогорку Кеңештин жыйынында казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлору каралууда.

Жыйынга премьер-министр Акылбек Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев келди.

Ташиев депутаттарга кайрылып, буларга токтолду:

– Көпчүлүк депутаттар ыйман, дин тууралуу айтып жатат. Бирок ыйман деген жигиттерди деле билемин, маалыматым бар, кандай иштерди аткарып жүргөнүңөрдү, кайсы акча алмаштыруу пунктунда иштеп жатканын, кандай проценттерди берип жатканыңарды. Ыйман деп коюп канча акча кайсы жерге алып барып берип жатканыңарды. Баары документалдуу бар, – деди Ташиев.

Ал маселени саясат кылбай, мамлекетти, элди багып алууга аракет кылуу керектигин айтты.

– Ыйман, казино жаман дегендер казиного барып, ал жактан чыкпай күнү-түнү жаткандар бар. Күнү-түнү жаткандар болгон. Баарыбыз билебиз ал депутаттарды. Ушул жерде туруп алып сүйлөп жатат. Ошол жерде банкрот болуп, чыга алабай казинодо калып кеткен адамдарды алып чыккан кишилер бул жерде отурасыңар, – деп кошумчалады ал.

Ташиев парламентте чынчыл депутаттар дагы көп экенин айтып, бул маселени көп саясатташтырбай ойлонуп сүйлөөгө чакырды.