Депутаттар кумаркана мыйзамын кабыл алды

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында «Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө» жана «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна добуш берүү үзгүлтүккө учурап, жыйынга танапис жарыяланган. Танапистен келген депутаттардын карама-каршы пикирилери уланды.

Буга чейин, аталган мыйзам долбоору экинчи-үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлүп, каттоодон өткөн 74 депутаттын алтоо каршы же макул деген добуш берген эмес.

Алардын бири «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров аталган мыйзам долбоорун талкуулоого жол берилбей, кандай жол менен болсо да өткөрүү аракети болуп жаткандыктан, ушул ыкма менен мыйзамды өткөрбөө үчүн атайын ушундай кадамга барып жатышканын айтты.

Жыйынтыгында төрага Талант Мамытов көчүлүктүн добушу менен мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты. Мыйзам долбоору бир нече жолу добушка коюлуп, ага 59 эл өкүлү «макул», 9 депутат «каршы» деп добуш берди. Ар эми добуш бербеген депутаттардын компьютерлери жабылганын төрага Мамытов билдирди.

Эске салсак, парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда бул мыйзам долбоорду жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса, андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берди.