ИИМде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү


2022-жылдын 21-июнунда ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү Ашита Миттал, Андей Селезнев жана программалык координаторлор Юлиани Айсиях, Жыпара Ракишева жана Чинара Мааткеримова менен жолугушуусу болуп өттү.


Жыйынга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги милициянын полковниги Уланбек Султанов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Максат Кылычев, ИИМдин Эл аралык кызматташуу башкармалынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Кеңешбек уулу Олжобай катышты.

WhatsApp Image 2022 06 22 at 12.40.26 ИИМде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү


Тараптар коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде аялдарды жана балдарды зордук-зомбулуктан коргоо, улуттар аралык кылмыштуулукка жана адамдарды сатууга, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, баңгизаттарды жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жаңы санариптик технологиялардын жардамы менен күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашты.


Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан милициянын бардык ишмердүүлүгүн гумандаштыруу, өз ара ишеним жана коомчулук менен өнөктөштүк принциптерине багытталган чаралар көрүлүп жатат. Министрлик БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен акыркы жылдары биргелешип абдан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда жана мындан ары дагы узак мөөнөттүү кызматташууга умтулаарын билдирди.

WhatsApp Image 2022 06 22 at 12.40.25 1 ИИМде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
WhatsApp Image 2022 06 22 at 12.40.24 ИИМде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү


Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.
ИИМдин Басма сөз кызматы