Ырчы Пьер Нарцисс көз жумду

Белгилүү орусиялык “Жылдыздар фабрикасы” (Фабрика звезд) телепрограммасынын катышуучусу Пьер Нарцисс көз жумду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Маалыматта айтылгандай, ал кечээ, 21-июнда операция учурунда каза болгон. Артисттин кызынын айтымында, анын бөйрөгүнө операция жасалып жаткан.

Пьер Нарцисс 45 жашта болчу, ал “Жылдыздар фабрикасы – 2” телепрограммасына катышып, белгилүү болгон.

Пьер Нарцисстин толук аты  Мудио Мукуто Пьер Нарцисс Де Наполи Де Суза. Ал өзү Колумбиядан болгон