Эл өкүлү Ырысбек Атажанов пенсионер мугалимдерди жумуштан кетирип, ордуна жаштарды алууну сунуш кылды

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кенештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов пенсионер мугалимдерди жумуштан кетирип, ордуна жаш кадрларды алууну сунуштады.

Анын айтымында, бул маселе боюнча ага көптөгөн кайрылуулар келүүдө.

“Билим берүү тармагына мектеп же бала бакча куруу функциясы кирбейт. Силер авариялык абалдагы мектептерди эртерээк бүтүрүү боюнча тиешелүү ведомстволорго сунуш беришиңер керек. Мындан тышкары, мектептерде иштеп келген кадырлуу пенсионерлер бар. Кээ бир билим берүү мекемелеринде 40 жылдан бери иштеп жаткан мугалимдер кездешет. Аларды пенсияга кетирип, ордуна жаштарды жумушка алсаңар кандай болот?”, — деп сурады депутат.

Өз кезегинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ар бир мектептин билим берүү сапатына директор жооп берерин айтып: “Директор бул жумуш берүүчү. Ал ар бир мугалимдин компетенттүүлүгүн карайт. Эгерде мугалим функционалдык милдеттерин жакшы аткара албай жатса, бул маселени жумуш берүүчү гана чечет. Эгерде мугалим күчтүү кадр болсо, ал иштей берет, мыйзам боюнча пенсияга чыккандан кийин иштебеш керек деген норма жок”, — деп жооп берди.

Ал эми депутат 75 жашка чейин иштеген мугалимдер бар экенин айтып, ЖОЖдорду бүткөн жаш кадрлар жумушу жок жүргөнүн кошумчалады.