Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Казакстандын Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барды.
Бул тууралуу маалымат аталган окуу жайдын сайтында маалымдалды.
Иш-чарага чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери, интеллигенция жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, окумуштуулар, КазМУнун ардагерлери, профессорлор жана студенттер катышты.



