
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү саат 18:47лер чамасында Кызыл-Кыя шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен И.Жусубалиев жана Ударная көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жана мекемелердин короолоруна сел суулары киргендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине шаардагы бөлүктөн 1 бөлүм жана ыкчам топ чыгып, саат 20:19да өздүк курам толугу менен куткаруу иштерине тартылган.
Учурда жеринде тактоо жана сел сууларынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

