Аскар Акаев Казакстанда лекция окуйт

Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Алматыга учуп, ал жактагы Казак улуттук “Аль-Фараби” атындагы университетинин имаратында “Байыркы доорлордон берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги” деген темада лидерлик лекция окуйт.

Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды.

28555 large Аскар Акаев Казакстанда лекция окуйт

Маалым болгондой, иш-чарага чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери, интеллигенция жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, окумуштуулар, КазМУнун ардагерлери, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышат.