Чаткал районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы 1 турак үйдүн ичин суу каптап жана 1 сарайга, 6 турак үйдүн короосуна шагыл таштар үйүлүп, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген.

«Жерине ӨКМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, техниканын жардамында селдин кесепетин жоюу иштери жүрдү. тазалоо иштери бүгүн дагы уланып жатат»,- деп айтылат маалыматта.