Бакыт Асанбаевдин бир нече кабыргасы сынып, денесинин ар кайсы жеринен гематомалар табылган, – бир тууганы

Бакыт Асанбаевдин бир нече кабыргасы сынып, денесинин ар кайсы жеринен гематомалар табылган. Бул тууралуу маркумдун сөөгүн текшерүү учурунда катышкан тууганы Талант Асанбаев билдирди.

Ал фейсбукта Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер Адилет Али Мыктыбектин түз эфиринде дүйшөмбү күнү эркиндикке чыгат деп күтүп жаткан агасынын өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтты.

«Экспертизага жактоочу, мен, прокуратуранын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү жана УКМКнын кызматкери катышты. Мойнунда жиптин издери бар. Үч кабыргасы оң капталында, ал эми сол жагында төрт кабыргасы сынган», — деди ал.

Ошондой эле Асанбаев агасынын артында 4 жаш баласы калганын айтып, өзүн-өзү өлтүрүүчү адам эмес экенин билдирген.