
Бүгүн, 19-июнда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Алматыга учуп, ал жактагы Казак улуттук “Аль-Фараби” атындагы университетинин имаратында “Байыркы доорлордон берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги” деген темада лидерлик лекция окуйт.
Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, иш-чарага чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери, интеллигенция жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Илимдер академиясынын президиумунун мүчөлөрү, окумуштуулар, КазМУнун ардагерлери, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышат.