Биз коркпой диндердин тарыхын окутуу боюнча предметти киргизишибиз керек, – Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин 16-июнундагы жыйынында балдарды тарбиялоо боюнча маселе көтөрдү.


Ал Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге кайрылып, мектептерде адептүүлүккө байланыштуу системаларды коркпой эле киргизе берүүгө чакырды.
Жакында эле «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын мектептерге киргизүү жөнүндө президенттин жарлыгы чыккан.


«Светтик мамлекет болгондон кийин» деген сөздү көп колдонбошубуз керек. Мамлекет светтик болуп, Советтер Союзу гүлдөп турганда да «История религии востока», «История мировых религий» деген сабактарды окуганбыз. «Бөрк ал десе баш алган», «таптакыр дин жөнүндө сүйлөбө» деген жалгыз эле бизде экен. Биз коркпой диндердин тарыхын окутуу боюнча предметти киргизишибиз керек. Жалгыз бир диндин деген жокмун, диндердин тарыхы окутулушу керек. Мектептеги тарбия үйдөгү тарбиянын уландысы болушу керек», — деди Мадумаров.


Конституция ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат.