Эттин баасын жасалма түрдө көтөрүп жатышат, – Данияр Жанузаков

Эттин баасынын кымбатташы — жеткирүүчүлөрдүн жасалма жол менен түзүлгөн ызы-чуусунун кесепети. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Данияр Жанузаков билдирди.

«Айрым супермаркеттерде гана баанын көтөрүлүшү байкалууда. Себеби, эттин сортко бөлүнүшү. Филе, стейк жана башкалар бар. Албетте, стейк сөөктүү этке караганда кымбатыраак. Базарларда баалар 470 сомдон 500 сомго чейин болууда», — деди ал.

Адистин айтымында, Өзбекстанга экспорттолгон бодо малдын аздыгынан баалар кымбаттады деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Жай башталды. Малчылар малды жайлоого айдап кетти. Жеткирүүчүлөр малдын баары чет өлкөгө сатылып кеткенин жашырып, бааны жасалма түрдө көтөрүп жатышат. Бирок бул андай эмес. Жыл башынан бери 8000 гана бодо мал экспорттолгон. Бул аз. Эсиңиздерге сала кетейин, этти экспорттоого тыюу салынган», — деди Данияр Жанузаков.

Эске салсак, буга чейин сатып алуучулар Кыргызстанда эттин баасы кескин кымбаттаганын билдиришкен. Бир килограммы 600 сомдон жогору турат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун базарларындагы баага мониторинг жүргүзүштү.

OIF 51 Эттин баасын жасалма түрдө көтөрүп жатышат, - Данияр Жанузаков