Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Бука РИИБдин Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү тобунун опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Аксы районунун Ак-Жол айылынын тургуну 1968-жылы туулган М.Н. турак-жайына кечиктиргиз түрдө тинтүү жүргүзүп берүү жөнүндө билдирүү менен кайрылышкан.
Аталган билдирүү 16.05.2022-жылы Ала-Бука РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы дарек боюнча кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда, М.Н.дин үйүнүн кампасынан бир канча пакетке бөлүнүп (1,2,3,4 деген номерлерди койуп салып койгон) өзгөчө ири өлчөмдө көк-жашыл түстөгү кескин жыты бар, аны менен бирге ак-сары түстөгү пакеттин ичинен ак түстөгү майда унга окшогон зат, ошондой эле мыйзамсыз сакталып турган сайлуу ок атуучу курал, ок-дарылар жана ири өлчөмдө (жүз отуз миң сом) акча табылып алынган.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук-химиялык, соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган. Андан сырткары тинтүү мезгилинде качууга үлгүргөн шектүү М.Н.ди кармоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусунда 6 кг ашуун “Марихуана” наркотикалык заты экендиги аныкталган жана экспертизалдардын корутундуларына ылайык кылмыш иштери козголгон.
Ала-Бука РИИБдин опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 14-июнь күнү шектүү М.Н. жашынып жүргөн жеринен кармалып, тергөөгө камсыздалган.
Тергөөнүн жрүшүндө шектүүнүн баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалган.
Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылып жатат.