Эрулан Көкүлов: “Гүлзат Мамытбек кайрадан бүт элди алдап жүрөт”

Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов абактан бошотулган блогер Гүлзат Мамытбек кайрадан алдамчылык менен алектенип жүргөнүн айтты.

Анын айтымында, камактан чыккандан кийин ал кайрадан ар кандай жарнамаларды берип, концерт коюп баштады.

“Мен журналисттик иликтөө кылгам. Ал 2020-жылы жүрөгүнөн операция боло турган баланын акчасын көбөйтүп берем деп 5 миң долларын алып, ошол бойдон качып кеткен.

Эки пенсионердин батир үчүн чогултуп жаткан акчасын алып, Москвага кетип калган. Эми ал камактан бошотулуп, кайра концерт коюп жүрөт. Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы? Бүт элди алдап жүрөт. Мындайларга бөгөт коюш керек”, — дедди депутат.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген каймана ат менен белгилүү блогер, коомдук ишмер Гүлзат Алымкуловду күнөөлүү деп тапкан. Активист Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси “Алдамчылык” боюнча айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылган. Ошону менен бирге, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине ылайык, үч жылга пробациялык көзөмөл колдонуу чечими кабыл алынган. Ошентип ал сот залынан бошотулган.