
Быйыл жылдын апрель айында кыргызстандыктар чет өлкөгө 79,7 миллион доллар которгон. Мындай маалыматты Улуттук банк таратты.
Маалыматка караганда, каражаттын негизги бөлүгүн же жалпы сумманын 92%ын жарандар Орусияга жөнөтүшкөн (73,3 млн доллар).
Кошумчалай кетсек, өткөн айга салыштырмалуу акчанын агымы март айында 35,4 миллион доллардан 2,3 эсеге өсүп, тарыхый максимумга жеткен.