Ысык-Көл облустук милициясы алыс жолго чыккан айдоочуларга эс алууга дагы көңүл буруу керектигин эскертет

Жай мезгили келип, көптөгөн жарандарыбыз Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө жайгашкан эс алуу жайларына барууга шашышат.

Андыктан, Ысык-Көл облусунун аймагы аркылуу өткөн «Балыкчы-Ананьево-Каракол» жана «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» автоунаа жолунда, түнкүсүн да тынымсыз транспорт каражаттары жүрүп турат. Ошол эле учурда, көптөгөн айдоочулар автоунаалары менен жүздөгөн жана миңдеген километр аралыкта, анын ичинде түн ичинде жол жүрүшөт.

Мындай учурларда айдоочулар чарчагандыктан, автоунааны башкарып бара жатып, уктап калышы мүмкүн. Бул өзү, жол кырсыгына кабылуу коркунучун бир топ жогорулатат.
Ушундан улам, Ысык-Көл ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, айдоочулардын автоунааны башкарып уктап кеткен көйгөйлөрүнө эс алуучулардын көңүлүн бурат.

Алсак, жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда ушундай өңдүү 5 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 11 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, алардын ичинен беши жашы жете элек өспүрүмдөр.
Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкери бардык айдоочуларды чакырат: узун жол жүргөндө шашпаңыз, чарчасаңыз автоунааны жолдун четине токтотуп, эс алып алыңыз. Ошондон кийин гана сапарыңызды улантыңыз!

YouTube video

https://youtu.be/vOESA_BXvyY
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы