Артезиан скважинасына түшүп кеткен 6 жаштагы бала куткарылды

Кашкадарыя облусуна караштуу Чиракчин районундагы Лангар айлында талаада казылган артезиан скважинасына түшүп кеткен 6 жаштагы бала куткарылды. Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар комитети билдиргендей, бала аңда бир сутка жаткан.

Ведомство белгилегендей, 12-июнда айылдын жашоочусу аймактык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына чалып, өзү талаада иштеп жаткан маалда уулу анча алыс эмес жерде казылган 200 метр диаметрдеги артезиан скважинасына түшүп кеткенин кабарлаган.

Окуя болгон жерге аймактык куткаруучулар жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү келишкен. Куткаруу иштерине атайын техника, экскаватор жана грейдерлер тартылган.

Атайын операциянын жыйынтыгында бала 13-июнда, саат 10:25те куткарылган.

Ушул тапта баланын абалы жакшы.

Квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн аны фельдшерлерге өткөрүп беришти.