Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон калууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын өздүк курамынын арасында жабыркагандар жок. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ага чек арага чектеш райондордун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышууда. Тараптар «Булак-Башы» жана «Кех» чек ара заставаларынын ортосундагы кагылышуунун себептерин карап жатышат. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи жыйынтыгы бөлүктөрдү согуштук позицияларынан чыгаруу чечими болду.

14-июнь саат 14:00гө карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Бүгүн саат 6:50 -7:00 чамасында Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде Тажикстандын «Кех» чек ара посту тарабынан ок атылган.