Нарын шаарында селдин кесепетинен өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын шаарында селдин кесепетинен өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

287401767 397176095788456 7894640690275899414 n Нарын шаарында селдин кесепетинен өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Мекеменин маалыматына караганда, кечээ саат 17:45 чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн.

Анын кесепетинен 60тан ашуун кожолукту жана мечитти суу каптаган.

«Бүгүнкү күндө шаарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Оозеки түрдө өзгөчө абалды шаардын биринчи вице-мэри киргизген. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», — деп айтылат билдирүүдө.