Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды. Бул туурасында облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришет.


Маалыматка ылайык, 11-июнга караган түнү саат 01:50 чамасында Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чым-Коргон айылында кыз ала качуу болду деген маалымат түшкөн.
Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Хонда-Инспайер үлгүсүндөгү унаасы кармалган. Аталган унаанын ичинде 20 жаштагы А. кызы З. болгон.

ala Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды
ala kachuu Кемин районунда 20 жаштагы кызды ала качкандар кармалды


Кыз ала качууга шектүүлөр 28 жаштагы К.М.Б. жана Д.А.К. кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.