Бишкекте эл ташыган №212 кичиавтобус оодарылды

Бишкекте Карасаев жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде №212 кичиавтобус жана Lexus 470 үлгүсүндөгү автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн болжол менен саат 13:20да болгон.

Алтын ала маалыматка караганда, алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Кайгуул кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын тактоодо.