Алкоголдук продукция жана дары-дармек саткан соодагерлер ККМди милдеттүү түрдө орнотушу керек

Алкоголдук продукция жана дары-дармек саткан соодагерлер сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө орнотушу керек.

Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров митингчилер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле көзөмөл-кассалык машиналарды күйүүчү май ташыгандар жана алтын менен алектенгендер сөзсүз колдонушу шарт.

“Бирок, ун, шекер сыяктуу азык-түлүктөрдү саткан майда дүкөндөр үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошото алабыз. Силер тараптан 10 адам мага кирип, бул иш боюнча чогуу иштейли. Азырынча биз көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүү жана айыптарды токтото турабыз”, — деди Акылбек Жапаров.