Акылбек Жапаров: Чач тарачтарга ККМдин кереги жок

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарындагы Өкмөт үйүнүн алдына Чүй облусундагы соодагерлер чогулду. Алар көзөмөл-кассалык машинага (ККМ) жана электрондук эсеп-фактурага каршы чыгып жатышат.

Чогулгандар Акылбек Жапаровдун чыгуусун талап кылышкан. Акылбек Жапаров чыккан соң, өз суроолорун беришти. Алардын бири — аял киши чогулгандарды күлдүрдү.

«ККМны алгыла. Мен «парикмахермин». «Парикмахерскаяга» бул эмнеге керек?», – деп сурады сөз сүйлөгөн аял.

Акылбек Жапаров чач тарачтарга ККМ кереги жок экенин айтты.

«Анда эмнеге мага ККМ койдуңуз?», – деп сураган аял телефонун көрсөттү.

«Ушул керекпи? Эки кызым азыр Россияга кетип жатат. Мунун мага кереги жок. Кара-Балтада 50 чач тарач бар, оноо ККМга өттү, кыркы өткөн жок. Эмнеге? Мага жооп бериңизчи. Алыңыз муну», – деди ишкер аял