Ар кыл тармактагы инсандарга Чыңгыз Айтматов атындагы медалдар тапшырылды

Бишкекте бир катар маданият өкүлдөрүнө Чыңгыз Айтматов атындагы медаль тапшырылды. Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун катчысы Ассоль Молдокматова тарабынан уюштурулган.

Маалыматка ылайык, сыйлыктар билим берүү, маданият, илим, адабият жана искусство тармагындагы, улуттар аралык маданиятты өз ара байытууда, тынчтыкты жана достукту чыңдоодо, өнүктүрүүдө жетишкен зор ийгиликтери үчүн тапшырылды.

Сыйлыкты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Аскар Айтматов тапшырды.