Нарында акыркы коңгуроо күнү 300дөй милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет

Бүгүн, 9-июнь жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун, коомдук коопсуздукту ошондой эле жол коопсуздугун сактоо, алдын алуу жана ар кандай укук бузууларды болтурбоо максатында 300дөй милиция кызматкерлери тартылып, облустун бардык айыл аймактарында, жер-жерлерде кызмат кылууда.

WhatsApp Image 2022 06 09 at 14.55.45 Нарында акыркы коңгуроо күнү 300дөй милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет

Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанатына Нарын ОИИБнын начальниги Алмазбек Жумабеков катышып, окуучуларга каалоо-тилек айтуу менен коопсуздуктарды сактоого, майрамдык отуруштарды уюштурбоого жана катышпоого чакырды.

Ошондой эле ар бир мектеп бүтүрүүчүлөрү милициянын көзөмөлүндө болуп, жер-жерлерде кызмат кылуушуда.

WhatsApp Image 2022 06 09 at 14.55.43 Нарында акыркы коңгуроо күнү 300дөй милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет
WhatsApp Image 2022 06 09 at 14.55.46 1 Нарында акыркы коңгуроо күнү 300дөй милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет
300дөй милиция кызматкерлери тартылды

Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы