Депутат: Эмне үчүн мындай кылып, мамлекетти, элди алдайсыңар?

Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, учурда вакцина алуу үчүн атайын каражат бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуунун кажети жок экенин билдирди.

“Мыйзам долбоорун алып киргенден уялбайсыздарбы? Ковид бүттү го эми. Азыр баары эле шорпо ичип дарыланып жатпайбы. Эмне үчүн мындай кылып, мамлекетти, элди алдайсыңар?»,-деди.


Мындан сырткары буга чейин ковид менен күрөшүүгө багытталган грант бөлүнгөнү айтылган. Эл өкүлү учурда 300 миллион доллардын каякка кеткенине кызыкты.


Бул сууроого министрликтин өкүлүнөн жооп болгон жок.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору кийинкиге жылдырылып, комитеттен колдоо тапкан жок.