
Блогер Улукбек Карыбек уулу өз Facebook баракчасына Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров туулган күнүн Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өткөрүшү мүмкүн деген маалыматты жайгаштырды.
“Өлкө ушундай акыбалда турганда майрамыңар курусун! Бишкек мэри Эмилбек мырза туулган күнүн Дубайда өткөздүбү?
«Fly Dubai» каттамы менен 3-июнь түнкү саат 05:40та учуп кетти. 7-июнь күнү саат 07:40та Бишкекке келет.
Эгер, иш сапары менен барган болсо, кандай жумуштарды аткарганын ачыктап койсун. Мэрияга караган кээ бир ишканалар 200 миң сомдон чогултканы да айтылып жатат”, – деп жазды.
Өз кезегинде, Бишкек мэриясынын маалымат кызматы мэр Эмилбек Абдыкадыров иш сапары менен чет элде экенин айтты. Бирок кайсы өлкөгө кеткенин ачыктаган жок. Кененирээк маалыматты эртең 7-июнда берерин белгиледи.






