Башкы прокурордун милдетин Абай Молдокматов аткарат

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу анын биринчи орун басары Абай Молдокматовго жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 4-июнда кол койду.

46 жаштагы Молдокматов биринчи орун басарлык кызматка 2021-жылдын августунда дайындалган.

Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” убактылуу четтетилишкен.