Камчыбек Ташиев жабыркаган 2  аскер кызматчынын абалынан кабар алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди.

Бул туурасында Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен биргеликте Баткен облусутук биргелешкен ооруканасында жаткан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан  жабыркаган 2  аскер кызматчынын абалынан кабар алды.

Ошондой эле чек ара тилкесинде катталган окуя жана акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.