Чек арадагы жаңжал: тажик тарап оор техника тартууда

3- июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына киргенин аныкташкан. Алар Кыргызстандын аймагынан чыгуу тууралуу мыйзамдуу талапты аткарбай, кыргыз чек арачыларына карата ок чыгарган, мындан улам ортодо атышуу башталган.

Ошондой эле, Тажикстан тарап миномет колдонгон.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыргыз тараптан жараат алгандар же жабыркагандар жок.

Саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча чек арада ок атышуу уланууда жана тажик тарап оор техника тартууда.