ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды

Кечээ, 31-майда Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы жана УКМК
Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Ж.ны кармады.


Башкы прокуратура билдиргендей, Ж.Ж. бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө
чейинки текшерүү ишин анын пайдасына чечип берүүгө көмөк көрсөтүү үчүн УКМКнын
кызматкерине пара берип жаткан учурда кармалды. Ал Ош гарнизонунун абагына
камалды.


Тергөө уланууда