
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрдү.
Бул тууралуу Өзгөчө крдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, саат 27-майда 20:15 чамасында Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн жааган жаандын кесепетинен, кокту колоттордон келген сел суулары сайга батпай Сары-Булак айылынын Таштак тилкесинде 1,5-чакырым ички чарбалык жолду каптаган.
Ошондой эле Ылай-Талаа айылында “Суу чарба башкармалыгынын” баласындагы эгин сугаруучу каналынан суу ашып, 25 турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөтүнүн электр жарыгы өчүп, электр тармактар ишканасы тарабынан калыбына келтирилген. Жабыркагандар жок.
«Бүгүн жерине сууларды сордурууга Кара-Кулжа райондук ӨК бөлүмүнөн 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылды. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.