Өзбек ырчысы Наргиз Закированын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынды

Өзбек ырчысы Наргиз Закированын Орусияга кирүүсүнө 50 жылга тыюу салынды. Буга анын Украинадагы окуялар боюнча Москваны сындаганы себеп болгон.

Маалыматка караганда, тиешелүү документти ФСБ кызматкерлери 25-майда Закирова Москвадагы «Домодедово» аэропортуна учуп барганда тапшырышкан. Анда «мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында» ырчынын Орусияга кирүүсүнө 50 жылга тыюу салынганы жазылган.

Бул мөөнөт аяктаган маалда Закирова 101 чыгат.

Өзбекстандагы белгилүү ырчы Батыр Закировдун жээни Наргиз Закирова Ташкентте туулуп-өсүп, 1995-жылы АКШга көчүп кеткен. Ырчы көпчүлүккө 2014-жылы Орусиянын «Биринчи каналындагы» «Голос» вокалдык сынагында жеңишке жеткенден кийин таанылган.