
Бишкекте 27-28-майда жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу бир катар мектептер онлайн окутууга өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аралыктан окутууга Октябрь районунан №3, №39, №62, №63, №64 жана №88 мектептер өттү.
Ал эми Ленин районунда №6, №27, №28, №29, №24, №69 мектептин окуучулары онлайн билим алууда.