Акылбек Жапаров Никита Михалков менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Никита Михалков министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын уюштуруу идеясын айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.