Айып унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринде өрт чыгып, 4 автоунаа күйдү

ЖКККББ: Бишкек шаарынын М.Горький көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан ЖКККББнын айып унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринде өрт чыгып, 4 автоунаа күйдү.
Алдын ала маалыматта Mercedes-Benz Sprinter унаасынын салонунан өрт тутануу болуп, кыска убакыттын ичинде өрт күч алып, катарлаш турган Kia Rio, Ford Focus жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаалар күйгөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы тартылып, тез арада өрт өчүрүлдү.


Бул окуя Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


ЖКККББ: күндүн аптабында унаа каражаттарынын ичинде жеңил күйүүчү, ысыкта жарылуучу (зажигалка, батарея, бөтөлкөдөгү суулар) заттарды калтырбоону эскертет.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма-сөз кызматы