“Урал авиалинии” авиакомпаниясы Кыргызстанга жүк-200дү бекер жеткирет

Россиянын “Урал авиалинии” авиакомпаниясы Кыргызстанга жүк-200дү бекер жеткирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын жарандык аба жолдору мамлекеттик агенттиги орусиялык авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 17-майда төмөнкү багыттар боюнча жүк-200 бекер ташуу боюнча макулдашууга жетишилди:

Челябинск — Ош;

Уфа — Ош;

Минералдык суулар — Ош;

Нижневартовск — Ош;

Казан — Ош;

Самара — Ош;

Сочи — Ош;

Самара — Бишкек;

Сочи — Бишкек.

Ошол эле учурда жүктү жөнөтүүчү перронду жана аэропорттун акысын өз алдынча төлөшү керек.