Надира Жусупбекова: “Жетекчилик менен кеңешпей туруп, катка жооп жибергеним үчүн кечирим сурайм”

Билим берүү жана илим министрлиги пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу билим берүү жайларына атайын тапшырма берген. Бул тууралуу министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тууралуу телефонограммасында айтылат.

282549974 1983701508498610 5401410260829190184 n Надира Жусупбекова: "Жетекчилик менен кеңешпей туруп, катка жооп жибергеним үчүн кечирим сурайм"

Соцтармакта тараган телефонограммада бул иш-чаралар «балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялап, саламаттыгы үчүн зарыл» деп жазылган. Документке билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон.

Билим берүү министрлиги маалымат таратып, анда министрдин орун басары Надира Жусупбекова бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесине байланыштуу телефонаграма боюнча түшүндүрмө берген.

“Ушундай иш-чараны уюштурууну көздөп жатабыз, тарыхыбызды унутпайлы, көмөк көрсөтүүңүздөрдү суранам”, — деп Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын мамкатчыга кайрылуусунун негизинде мен бул телефонаграмманы жөнөткөм.

Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген.
Бирок, тилекке каршы Министр менен, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм», — деп билдирген ал.