Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү

Нарын ОИИБи:
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын Балдар иштери боюнча инспекциясы алдын алуу багытында бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

2021-жылдын 12 ай ичинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жер-жерлердеги шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан жалпы 921 алдын алуу мүнөзүндөгү иш-чаралар анын ичинен; 63 семинарлар, 171 тегерек столдор, 3 конференциялар, 67 спорттук оюндар, 617 башка алдын алуу иш чаралары өткөрүлгөн.

WhatsApp Image 2022 05 24 at 09.04.23 1 Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү

Окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган тарбиялык маанидеги 2716 жолу ар кандай темадагы (“кылмыштуулуктун алдын алуу”, “суицид”, “мектеп рэкети”, “зордук-зомбулук”, “диний экстремизм”), конфликти алдын алуу жана башка лекциялар окулган.

Ал эми, 2022-жылдын 4 ай ичинде Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жер-жерлердеги шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан жалпы 528 алдын алуу мүнөзүндөгү иш-чаралар анын ичинен; 54 семинарлар, 131 тегерек столдор, 29 спорттук оюндар, 314 башка алдын алуу иш чаралары өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 05 24 at 09.04.24 2 Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү

Окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган тарбиялык маанидеги 2716 жолу ар кандай темадагы лекциялар окулуп, 38 рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн.

Ар бир өткөрүлгөн иш-чараларда шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелелерге ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүп, азык-түлүк жагынан да жардамдар берилип турат.

WhatsApp Image 2022 05 24 at 09.04.25 1 Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү

Ошондой эле азыркы учурда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Нарын шаардык ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жалпы республикалык тестирлөө, акыркы конгуроо, аттестат, күбөлүк тапшыруу жана башка салтанаттуу иш-чаралар убагында укук бузуулардын алдын алууга багытталган, театырлаштырылган иш-чараны өткөрүү мерчемделип, Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында уюштурулуп жатат.

Эске салсак, 2022-жылдын 4 айында балдарга карата 6 кылмыш иши катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу – 10 кылмышка азайган (2021-жылы 16 учур катталган).

Ал эми балдар арасындагы өзүн-өзү өлтүрүү фактылары катталган эмес (2021-жылы 5 учур катталган).

WhatsApp Image 2022 05 24 at 09.04.25 Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү

Белгилей кетсек журналист Али Токтакуновдун Нарын шаарындагы мектеп рекети боюнча чыгарылган журналисттик иликтөөсү боюнча Нарын ОИИБи тарабынан ыкчам тергөө иш аракеттери жүргүзүлүп жатат. Аныкталган фактылар боюнча кошумча маалымат билдиребиз.

WhatsApp Image 2022 05 24 at 09.04.29 Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү
WhatsApp Image 2022 05 24 at 09.04.25 2 Нарында бир жылда укук бузуулардын алдын алууга багытталган 2716 иш-чаралар өттү