Нарын шаардык ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон жалгыз бой энеге жардам көрсөтүштү

Нарын шаарынын аймагында балдар арасында ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, кечки убактарда ата-энесинин же болбосо аларды алмаштыруучу адамдын коштоосу жок жүргөндөрдү аныктоо максатында “Өспүрүм Түн” ыкчам рейддик алдын алуу иш чарасы өткөрүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 05 20 at 07.26.11 1 Нарын шаардык ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон жалгыз бой энеге жардам көрсөтүштү

Иш чаранын жүрүшүндө шаар аймагында жайгашкан ар бир билим берүү окуу жайларында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кечки рейдтер уюштурулуп ата-энесинин же болбосо аларды алмаштыруучу чон адамдын коштоосу жок жүргөн балдар аныкталып ата-энелерине тапшырылып берилди.

Ошондой эле иштеген балдарды аныктоо максатында кафе, ресторандар, компьютердик клубдар, базарлар, дүкөндөр текшерүүгө алынып, аныкталган балдар боюнча тийиштүү органдарга сунуш каттар жиберилди.

Иш чаранын жүрүшүндө Нарын ШИИБнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан аз камсыз болгон жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлүп азык-түлүк алынып берилди.

WhatsApp Image 2022 05 20 at 07.26.11 Нарын шаардык ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон жалгыз бой энеге жардам көрсөтүштү
WhatsApp Image 2022 05 20 at 07.26.12 Нарын шаардык ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон жалгыз бой энеге жардам көрсөтүштү

Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы