Ильяс Тулекеев: “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясы Кыргызстанга 400 млн доллар инвестиция кылды

“КАЗ Минералз Бозумчак” компаниясынын башкы директору Ильяс Тулекеев комбинаттын кыргыз экономикасына кошкан салымы, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өнүгүп жаткан мамилеси тууралуу айтты.

“Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук, туугандык жана жакын коңшулук мамилелер кылымдарды карытып келатат. Географиялык жана маданий жакындык, тилибиз менен салттарыбыздын окшоштугу, өнүккөн соода-экономикалык байланыш – булардын бардыгы мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүүгө болгон негиз деп айта алам.

Биздин “КАЗ Минералз Бозумчак” компаниябыз аткарып жаткан иштер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты толуктап турат. Бүгүнкү күндө биздин ишкана тарыхый бирине бири жакын болгон Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилени бекемдөөчү көпүрө катары кызмат кылып келүүдө.

Компаниянын Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын айтып, бир нече сандарды келтирейин: иштеп жаткан мөөнөт ичинде Кыргызстандын экономикасына 400 млн тегерегиндеги АКШ доллары инвестиция кылынды. Биздин тоо кен ишканабызда 1000 адамдай иштеп, алардын 97 пайызы Кыргызстандын жарандары. Анын ичинен 69 пайызы Ала-Бука районундагы жакын жайгашкан айылдар – Көк-Серек, Көк-Таш тургундары.

Бүгүнкү күндө республиканын көптөгөн айыл өкмөттөрү мамлекеттин бюджетинен каржыланат. Бирок, биздин комбинат жайгашкан Көк-Таш айыл аймагы мамлекеттин дотациясынан чыгып, ишкананын көрсөткөн колдоосунан улам эң бай айыл өкмөттөрүнүн бири боло алды. Менимче бул сандар жана фактылар абалды өзү эле сүрөттөп, айтып турат”.