Түркияда дипломдун нострификациялоо жол-жоболоруна байланыштуу элчиликтин кулактандыруусу

Түркияда дипломдун нострификациялоо жол-жоболоруна байланыштуу Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Кыргыз Республикасынын жараны-окуучулар/студенттери үчүн кулактандыруусу

Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын билим берүү тармагында көп жылдардан бери уланып келе жаткан кызматташтыгы, тараптардын бекем эркинин негизинде уланууда. Бирок, акыркы айларда Кыргызстандын айрым мектептерин бүтүргөн кыргыз жаштарынын дипломду нострификациялоо үчүн Түркияга жасаган кайрылууларында  кыйынчылыктар жаралган учурлар болууда. Буга байланыштуу кыргызстандык ата-энелерге жана студенттерге/окуучуларга маалымдоо максатында бул билдирүүнү жасоо муктаждыгын сездик.

Бир тууган Кыргыз эли да жакшы билгендей, Түркияда 2016-жылдын 15-июлунда АКШда жашаган террорист башчы Фетуллах Гүлен башында турган Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) тарабынан чыккынчылык менен төңкөрүш жасоо аракети болгон. Түрк мамлекетинин жана улутунун биргелешкен күрөшү менен бөгөт коюлган төңкөрүш аракетинде 251 жараныбыз шейит болсо, 2 миң 734 жараныбыз аталган төңкөрүштө жаракат алган.

Билим берүү мекемелерин дүйнөнүн төрт бурчунда ачып, аларга жетекчилик кылып, жана алар аркылуу жаштардын башын айлантып өзүнүн мыйзамсыз максаттары үчүн колдонууну көздөгөн ФЕТӨ, Кыргызстанда “Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелери” деген ат менен ишин улантууда. Аталган билим берүү жайларынан алынган финансылык кирешелер уюмдун мыйзамсыз иштерине жумшалууда.

Ушул себептерге байланыштуу, Түркияда ФЕТӨгө тиешелүү бардык мектептер жана жеке  курстар жабылды. Кошумчалай кетсек, Түркиянын демилгелеринин натыйжасында Ооганстан, Чад, Экватордук Гвинея Республикасы, Эфиопия, Кот-д’Ивуар, Габон, Гвинея, Камерун, Конго Демократиялык Республикасы, Конго Республикасы, Мали, Мавритания, Нигер, Пакистан, Сомали, Судан, Тунис жана Венесуэла өлкөлөрү болуп, жалпы 18 өлкөдөгү 219 ФЕТӨ мектеби Түркия Республикасынын Маариф фондуна өткөрүлүп берилди.

Жогорудагы көрүнүштөн улам, ФЕТӨ уюмунун курамында Кыргызстанда ишмердүүлүгүн улантып жаткан Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан алган дипломдору жана орто мектеп аттестаттары Түркия Республикасынын бийлик органдары тарабынан нострификациялоодон өтпөйт. Мындан тышкары, бул мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн Түркиянын кандайдыр бир стипендия программасы (Туркие Бурслары) үчүн жасаган кайрылуулары да кабыл алынбайт. Ошондой эле, “Сапат” билим берүү мекемелери ФЕТӨ тарабынан иштетилген мезгил аралыгы боюнча аталган мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн Түркияда жумушка орношуулары мүмкүн эмес.

Буга кошумча катарында Түркия Республикасы, жогорудагы мекемелерде иштеген Кыргыз Республикасынын жараны-жетекчилерге жана мугалимдерге карата Түркиянын мыйзам алкагында ар түрдүү чара колдонуу укугуна ээ экенин белгилейт.  

Түркия Республикасы өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарып, Кыргызстандын бийлик органдарына керектүү демилгелерди көтөрдү жана сунуштарын кылды. Бул көйгөйдү тез арада чечүү жана кыргызстандык окуучулардын/студенттердин бул кырдаалдан жапа чегүүсүн жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын бийлик органдары зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерин жасайт деген үмүт бар.